Бул тууралуу Мемориал укук коргоо уюмунун өкүлү Виталий Пономарев маалымдады. Маалыматка караганда, Абдурасул Мамарахимов Россиянын Новосибирск шаарында 2008-жылы 6-октябрда кармалган. Ал милициянын мындай аракетине нааразылык билдирип,10 күндөн бери ачкачылык жарыялап отурат. Мамарахимов орус милиция кызматына буга чейин Кыргызстанда "диний ынанымы үчүн" алты ай камакта отурганын маалымдаган. Мамарахимов Ноокат окуясына тиешеси бар деп шектелип, Кыргызстан тартип коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган. Бирок Мамарахимовдун уулу атасы 2008-жылдын февраль айынан бери Россия аймагында экенин билдирүүдө. Ноокат окуясы 2008-жылы 1-октябрда орун алган. Орус бийлиги учурда Мамарахимовду Кыргызстанга кайтаруу маселесин караштырып жатат.(AiT)