Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Ишенбай Кадырбековго байланыштуу сот иши кайра жанданды


Ленин райондук соту мындан бир жарым ай илгери экспертиза жыйынтыктары бүткөнгө чейин сот жараянын токтото туруу чечимине келген. 6 кишиден турган эксперттер Ишенбай Кадырбеков Курулуш жана архитектура агенттигин жетектеп турган мезгилде курулган мектептерди изилдөө, баалоо иштерин жүргүзүп, аны аякташкан жана анын жыйынтыгында курулуш ишканаларына мамлекеттик заказчиктер 8 миллион сом карыз экенин далилдешкен. Айыптоочу прокурор мындай эксперттик корутундуга каршы болуп, жаңыдан экспертиза дайындоону талап кылды. Сот прокурордун талабын канааттандырып, жаңыдан экспертиза дайындады. Белгилүү болгондой прокуратура курулуш иштеринде Ишенбай Кадырбеков мамлекетке 18 миллион сомдук зыян алып келген деп айыптаган эле. Бул тууралуу Ишенбай Кадырбековдун иниси Ишен Айтмамбетов “Азаттыкка” билдирди. Ал ошондой эле Ленин райондук соту Ишенбай Кадырбековду ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартканын кошумчалады. Соттук териштирүү 16-мартта кайрадан улантылат.(AiT)

XS
SM
MD
LG