Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

“Мемориал” уюму А.Мамарахимовдун укугун коргоону уюштурууда


Бул тууралуу уюмдун Борбор Азия боюнча өкүлү Виталий Пономарев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын маалыматы боюнча, Абдурасул Мамарахимов кыргыз бийлигинин издөө салуусу менен Россиянын Новосибирск шаарында кармалган. Кыргыз бийлиги Мамарахимовго коюулуп жаткан айыптарды тактап, анын тагдырына байланыштуу маселени тез арада аныктоого тийиш. “Анткени Мамарахимов 10 күндөн бери ачкачылык кармоодо”,-деп белгиледи Пономарев. Кыргыз бийлиги Абдурасул Мамарахимовдун 2008-жылы 1-октябрда орун алган Ноокат окуясына тиешеси бар деп издөө салган. Өз кезегинде Мамарахимовдун уулу атасы 2008жылы февраль айында эле Россияга кеткенин билдирүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG