Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:10

АКШ менен Орусия тышкы иштер министрлери Женевада жолугушат

Бүгүн Женевада АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сүйлөшүүлөрү өтөт. Бул – президент Барак Обаманын жаңы өкмөтү бийликке келгенден бери расмий Кремл менен Вашингтондун жогорку деңгээлдеги алгачкы сүйлөшүүлөрү болмокчу. Ооганстандагы туруктуулук, Орусиянын Иран менен кызматташтыгы жана террорчулук менен күрөш – бул Женевада өтө турган сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги орчун маселелер. Кечээ (5-мартта) НАТОнун тышкы иштер министрлери Орусия менен мамилелерди кайра жандандыруу тууралуу макулдашышкан.
XS
SM
MD
LG