Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

БУУ Суданды кайрымдуулук уюмдарын өлкөгө кайтарууга чакырды


Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун Судан бийлигинин өлкөдөн эл аралык ондон ашуун кайрымдуулук уюмдарды чыгаруу чечимин кайра карап чыгууга чакырды. Шаршемби күнү (4-мартта) Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Судандын президенти Омар ал-Баширди Дарфур вилайетиндеги кара түстүү калкка каршы согуш кылмышы катары каралчу жана башка кылмыштуу өнөктүктү уюштурган деп айыптап, аны камакка алуу тууралуу буйрук чыгарган. Буга жооп ирээтинде Судан бийлиги өлкөдөн эл аралык 13 гуманитардык уюмдун кызматкерлерин чыгарып, алардын мүлкүн басып алган. БУУнун баш катчысы тараткан билдирүүдө эл аралык уюмдардын өлкөдөн чыгарылышы 5 миллионго чукул киши гуманитардык жардам алып жаткан Дарфурга орду толгус кесепетин тийгизээри айтылат. Судан өкмөтү болсо президентти айыптуу деп тапкан Эл аралык кылмыш соту менен кызматташпай турганын ырастоодо.

XS
SM
MD
LG