Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:24

БЭКтин өкүлдөрүнүн Жалал-Абаттагы жолугушуусу үзгүлтүккө учурады


БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров «Азаттыкка» билдиргендей, алар бүгүн, 7-мартта Жалал-Абат шаарынын калкы менен жолугушмак. Тилекке каршы, Ош шаарынан бери артынан калбай ээрчиген үч жеңил машинедеги бейтааныш адамдар «Жаңы Кыргызмтан» партиясынын баш катчысы Исмаил Исаковду, Элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Анвар Артыковду машинеден түшүрбөй куугунтукка алышууда. БЭКтин өкүлдөрү алардын артынан аңдып келаткандар жана жолугушууга чогулган кишилерди таратып жаткандар укук коргоо органдарынын кызматкерлери болушу ыктымал деп шектенүүдө.
Бирок жергиликтүү укук коргоо органдары оппозициянын минтип күмөн саноосун четке кага элек. (AТо)

XS
SM
MD
LG