Эл аралык кылмыштар боюнча Гаагадагы сот бүгүн Судандын президенти Омар ал-Баширди камакка алуу тууралуу буйрук чыгарды. Судан президенти өлкөнүн Дарфур аймагында ындыкара калкка каршы тукум курут өнөктүгүн уюштурганы үчүн айыпталып келе жатат.
Эл аралык Кылмыш сотунун башкы прокурору Луис Морено-Окампонун кечээги билдирүүсүнө караганда, сотто Судан лидеринин дарфурдук ындыкара урууларга каршы араб жоочуларын айдактаганын далилдей турган даректүү маалыматтар бар.
Бириккен Улуттар уюмунун эсебинде, дээрлик алты жылга созулган жаңжал учурунда Дарфурда 300 миңдей адам өмүрүнөн айрылды, эки жарым миллиондой киши үй-жайын таштоого аргасыз болду.
Ошентип, 2002-жылдан бери эл аралык кылмыштар боюнча туруктуу иш алып барып жаткан Гаага соту алгачкы жолу бийликте турган мамлекет башчыны камакка алуу тууралуу буйрук чыгарды.