Шаардын «Спутник» кичи шаарчасына эртен менен саат тогузга белгиленген жолугушуу үзгүлтүккө учурады.Ага тогуз машина менен келишкен мамлекеттик кызмат адамдары тоскоолдук кылышты.Мындай маалымат бүгүн БЭКтин штаб башчысы А.Бекназаровдон алынды. Ал ”Өкмөттүк кызматкерлер БЭКтин улуттук кенешинин мүчөлөрү генерал И.Исаков жана А.Артыков менен учурашууга келаткан адамдарды бизге жеткирбей көчөлөрдө таркатып турушту”,- деп билдирди.Анын белгилешинче жолугушуу облустагы саясий партиялардын өкүлдөрүнүн өтүнүчтөрү менен БЭКти эл колдоор-колдобосун билүү максатында болмок. “Жалалабаттан чыгып кеткенибизден кийин үч машинадагы адамдар артыбыздан келатышат.Оштон Жалалабатка жеткиче алты машинадагы кишилер андып жүрүштү.Ошондуктан облустун кайсы жерине токтоп, кимдер менен сүйлөшөрүбүздү ачык айталбайбыз”,- деди Бекназаров.Ички иштер Башкармасынын маалымат катчысы Ибрагим Шатманалиев БЭКтегилерди эч ким куугунтуктабаганын, жолугушууга эл барбай, кызматкерлер милиционер кыз-келиндерди 8-марты менен куттуктап жатканын, БЭКтегилер Майлуусуу шаары тарапка багыт алганын билдирди.(YA)