6-мартта өлкө башчысы Курманбек Бакиевд“Республиканын аялдарын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, республиканы социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Даңк” медалы менен Ош шаарындагы “Аль-Шамс-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары Эргешова Бааркан сыйланды.“Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер деген ардактуу наам: Асанова Гүлбарчынга - Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министринин орун басары, Жаңыбаева Шарипа - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Ак-Жалга” ачык акционердик коомунун улук устатына берилди. “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам Каржы министрлигинин экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Деркимбаева Батикүлгө ыйгарылды. “Эмгек сиңирген экономисти”наамы “Социум Консалт” Консалтинг компаниясынын эксперти Саякбаева Айганышка берилди. “Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам менен мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрайымы Өмүрова Апал сыйланды. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен Ахмедова Чынара- “Айжан” коомдук фондунун директору, Баткен облусу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ) боюнча долбоорлордун координатору, Баймурзаева Алия - Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айылдык округунун башчысы, Бекенова Гүлира - АРИСтин Түндүк региондук өкүлчүлүгүнүн офисинин Манас району боюнча жамааттарды өнүктүрүүнү колдоо боюнча эксперти, Жаркыналиева Азият Шайболотовна - Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Жолдошова Салия - Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын билим берүү, маданият, жаштар жана спорт иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы, Жоробекова Райма - Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жергетал айылдык округунун башчысы, Камбарова Гүлмира - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы “Жаш муун” коомдук бирикмесинин жетекчиси, Майликова Айгүл - Ысык-Ата районундагы “Абдыш-Ата” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун администрациялык маселелер боюнча орун басары, Мухамедшина Лида - Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башкы адиси,Садыракунова Шабыркүл - Жети-Өгүз райондук аялдар кеңешинин төрайымы жана башкалар сыйланышты. Мамлекет башчы кечээ, 6-мартта Улуттук филармонияда республиканын аймагынан келген аялдарды 8-март майрамы менен куттуктап, мамлекеттик сыйлактарды тапшырган. (АJ)