Европалык Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Эндрю Тесорьер 9-10-март күндөрү алгач ирет Талас облусунун аймагында каржыланган долбоорлору менен таанышып чыгат. Жолугушуулардын жүрүшүндө элчи аймактын башчысы - губернатор Бейшембек Болотбеков, Талас шаарынын мэри жана облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги менен жолугушуп, ЕККУ тарабынан каржыланган Талас убактылуу тергөө абагынын абалы менен да таанышып чыкмакчы.
Жумушчу сапарында Кыргызстандагы ЕККУ борборунун башчысы жарандык коомдун жана маалымат каражаттардын өкүлдөрү менен кездешет. Бул тууралуу “Азаттыкка” ЕККУнын таластагы өкүлү Данияр Сүйүнов кабарлады. (SA)