Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Аксылыктар 17-мартта эскерүү митингисин өткөрүү талабын коюшту


Бул тууралуу “Азаттыкка” БЭКтин Аксыдагы бөлүм башчысы Кадыралы Жорокулов билдирди. Аксы окуясында курман болгондордун туугандары менен 2002-жылы милициянын огунан жараат алгандар окуянын жети жылдыгын өткөрүүнү талап кылышууда. Маалыматка ылайык райондун Боспиек деген жеринде жети жыл мурда каза тапкандар Кара жыгач айылында эскерилип, алардын арбагына куран окутулат. Бул тууралуу билдирүү райондук бийликке да тапшырылган. “Райондун акими Аскербек Алиев биздин билдирүүнү жогору жактагылар менен акылдашып чечерин, анын жообун 12-мартта берерин айтты”,- деп билдирди БЭКтин Аксы райондук бөлүм башчысы Кадыралы Жорокулов. Райондун акими Аскербек Алиев мыйзамга ылайык митинг өткөрүү тууралу билдирүүнү кеч бергенин, аны он эки күн мурда берүү керектигин билдирген.

XS
SM
MD
LG