Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

Кытай бийликтери Тибетте коопсуздук чараларын чыңдады


10-мартта Тибетте 1959-жылдагы Кытай бийлигине каршы көтөрүлүшкө 50 жыл толот. Ассошиэйтед Пресстин кабарлашынча, Кытайдын Тибет жана Сычуан аймактарындагы тибеттик жамааттар байырлаган жайларда коопсуздук чаралары чыңдалып, полиция, аскерлер, аскердик оор техника жайгаштырылды.
Бир катар маалымат агенттиктери ишембиде (7-мартта) Лондон шаарында миңден ашуун киши катышкан нааразылык чарасы өткөрүлгөнүн маалымдашты. Тибеттин улуттук желегине чулганган демонстранттар оболу Кытайдын Лондондогу элчилигинин маңдайына чогулушту. Андан соң демонстранттар Лондон шаарынын Трафалгар аянтына чейин келишти жана бул жерде чакан жыйын курушту.

XS
SM
MD
LG