Кыргызстандагы маалымат кызматкерлерин ынтымакка, биримдикке чакырган айрым уюмдардын чакырыгы, көп учурда жоопсуз калууда, деп эсептейт саясий серепчи, журналист Кубан Абдымен. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча аз күн ичинде эки журналисттин белгисиз бирөөлөрдүн колунан катуу жапа чегип жатышын кандайдыр бир саясий күчтөрдүн журналист коомчулугуна атайын таштап жаткан эскертүүсү катары кабыл алууга болот. Ошондуктан, коомчулук мындай иштерди болтурбоо максатында катуу чараларды тезирээк көрбөсө, мындай кол салуулар кайталана бериши мүмкүн. “Бул үчүн журналисттер бирдиктүү болуп, бул иштердин күнөөкөрлөрү табылуусун жана жазага тартылуусун көзөмөлгө алууга, ийгиликтүү жыйынтыкка жетишүүсүн талап кылууга тийиш,” дейт Кубан Абдымен.
Мурда кабарлангандай 3-март күнү “Репортер-Бишкек” гезитинин кабарчысы Сыргак Абдылдаевди белгисиз бирөөлөр денесинин 21 жерине бычак уруп, эки колун сындырып салышкан. Көп өтпөй, 7-март түнү Ош ТВ телекомпаниясынын башкы оператору Бахадыр Кенжебаевди да белгисиз адамдар катуу сабап кетишкен.(ZKo)