Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Оппозиция менен бийликтин жолугушуусу эртең болот


Бул тууралуу “Азаттыкка” БЭКтин мүчөсү Мукар Чолпонбаев кабарлады. Анын айтуусу боюнча жолугушууга оппозициядан мурда тандалган алты киши: Иса Өмүркулов жетектеген Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев, Мукар Чолпонбаев, Топчубек Тургуналиев жана Асанбек Сарыбаев барат. Ал эми бийлик тараптан кимдер келери жана жолугушуу кайсы жерде болору азырынча белгисиз. Бул боюнча дагы кошумча маалымат болушу мүмкүн, дейт Мукар Чолпонбаев.
Мурдараак оппозиция менен жолугушуу үчүн бийлик тараптан президенттик администрациянын жетекчиси Данияр Үсөнов жана мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу келери айтылып жаткан. Ошондой эле сүйлөшүүгө байкоочу катары катышып берүү өтүнүчү менен оппозиция И. Абдуразаковго, Т. Акунга, Т. Чыңгышевге жана М. Мамытовго кайрылган болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG