Ишембиде ал жерде британиялык 2 аскер окко учкан. Түндүк Ирландиядагы тынчтык жараянына каршы болгон Чыныгы ИРА (Real IRA) деп аталган топ кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул окуя чөлкөмдө католиктер менен протестанттар ортосундагы зомбулук кайра жанданышы ыктымал деген кооптонууларды жаратты. 1988-жылы жетишилген тынчтык келишими 30 жылдык жаңжалга чекит койгон. Түндүк Ирландияда андан кийин орун алган эң ири кол салууну ошол эле топ уюштурган. Атап айтканда, 1998-жылы Омагдагы бомба жарылуусунан 29 кишинин өмүрү кыйылган.