Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

А. Жекшенкуловго козголгон кылмыш иши ойлоп чыгарылган


Анткени Аликбек Жекшенкуловго буга чейин да түрдүү себептер менен эптеп кылмыш иштерин козгоо аракеттери болгон. Мурдараак аны Тышкы иштер министри болуп турган учурда кытайдын жука эшиктерин калың эшиктерине алмаштырып койгон, деген айып тагууга аракет кылышкан, бирок ал ишке ашпай калып, эми муну ойлоп чыгарышты,” дейт БЭКтин мүчөсү Мукар Чолпонбаев. Анын айтуусунда бул жерде А. Жекшенкуловду бүгүнкү саясий күрөштөн четтетүү максатында болуп жатат. Мукар Чолпонбаев түрк ишкерин өлтүрүүгө А. Жекшенкуловдун кандай кызыкчылыгы бар, кандай негиз бар деген да суроо бардыгын белгилеп, ИИМ буга да жооп табууга милдеткер экендигин кошумчалады.
“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери, оппозициялык БЭКтин мүчөсү Аликбек Жекшенкуловду кечээ ИИМ Башкы тергөө башкармалыгы “киши өлтүрүүгө катышы бар” деген шек менен камакка алган.(ZKo)
XS
SM
MD
LG