Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Б. Жээнбеков: Мени камоо боюнча буйрук берилген


“Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков бир жумадан бери тынымсыз Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына суракка чакырылууда. Б. Жээнбековдун айтымында, буга 2007-жылы козголгон кылмыш иши себеп болууда. 2007-жылы Сабыр Жапарав деген атуул машинасын Б. Жээнбеков 2004-жылы бир жумага Таласка айдап кеткен бойдон бербей качып жүрөт, шылуун, деген арыз менен сотко кайрылган. Башкы прокуратура бул ишти тергеп, күнөөлүү адам жок деген токтом чыгарган. Б. Жээнбековдун билдиришинче, ал кесиби боюнча юрист болгондуктан С. Жапаровго 2004-жылы юридикалык жактан жардам берген. С. Жапаров көрсөткөн кызматы үчүн ыраазычылык билдирип ага машина берген, унааны өзүнө каттатып алуу боюнча да ишеним кат жазып берген. Б. Жээнбеков маалымдашынча, ишти убактылуу жабылышы боюнча Башкы прокуратура жакында кайра бир токтом чыгарып, ошонун эсебинен ал кайра суракка алынууда. Б. Жээнбеков бул иштерди өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG