Райондун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү жыйынга топтолгон эл киши өлгөндө жылкы союп, жүздөн ашык кишини сыйлагандарга 100 миң сом айып пул салуу чечимине келди. Айыл өкмөттүн жооптуу кызматкеринен алынган маалыматка Караганда, чогулушта соңку убакта көзү өткөн адамды жерге коюуда ашыкчы ыгым-чыгым көбөйүп жатканын белгиленген. Экономикалык кризис, азык-түлүк бааларынын кымбаттыгы эске алынбай, той-аш, юбилей, түрдүү майрам-салтанаттарды өткөрүү атаандаштыкка айланып баратат деп айтылды. Курултайдын чечими айылдык кеңештин сессиясына сунуштала турган болду. (YA)