Райондун Кербен, Кош-Дөбө жана Үчкоргон айылдарында болгон курултайлардын катышуучулары буга дейре А.Бекназаровду колдоп жүрүп чарчагандыгын билдиришүүдө. “Алар анын туура эмес саясатынын түпкү максатын түшүндүк деп айтышты” - дейт областтык бийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов. Анын белгилешинче үч айыл өкмөтүндөгүлөр экономикалык саясатын колдоору тууралуу президентке айта барууну облус губернатору К.Масировдон өтүнүшкөн. Иринжит каналы курула баштап, Үчкоргон-Кош-Дөбө, Кербен-Алабука жолдорунун оңдолгонуна ыраазылыктарын билдиришкен. (YA)