Ооган лидери Хамид Карзай, Пакистандын президенти Асиф Али Зардари жана Түркиянын лидери Абдулла Гүл Экономикалык кызматташтык уюмунун Тегеранда боло турган саммитине катышмакчы. Бүгүн үч президент Иран лидери Махмуд Ахмадинежад менен сүйлөшүү өткөрүшөт. Пакистан жана Ооганстан Иран бийлигин согуштан кийин талкаланган Ооганстанды калыбына келтирүүдө АКШга жардам берүүгө чакырып келишет.