Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Орусияда ушул жылы улутчулдардын колунан үч кыргызстандык каза тапкан


Адам укуктары боюнча Москва бюросунун маалыматына караганда, 2009-жылдын январь-февраль айларында эле үч Кыргызстандык жаран улутчулдардын колунан каза тапкан жана тогуз адам жараат алган. Ошондой эле аталган бюронун кызматкери Семен Чарный Орусияда улутчулдардын чет өлкөлүк жарандарга кол салуу фактысы барган сайын көбөйүп жаткандыгын белгилеген. “Мурда чет өлкөлүк жарандарды ур-токмокко гана алышса, акыркы кездерде көбүнчө өлтүрүп кетип жатышат. Ушул жылдын эки айында эле улутчулдар тарабынан 16 адам каза болуп, 46 адам жараат алган. Жабыркагандардын көбү Өзбекстан, Вьетнам жан Африка өлкөлөрүнүн жарандары ”, -деп билдирет аталган бюродон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG