Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:20

Бакыт Бешимов: Сөз эркиндигинин кысылуусунан эң ириде эл жабыркайт


Журналисттерге кол салуу жана басылмалардын жабылышы –Кыргызстанда сөз эркиндигинин жана маалымат эркиндигинин басмырланып жатканынан кабар берип турат. Мындай пикирин социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов бүгүн фракциянын жыйынында билдирди. Жыйында белгиленгендей 2007-жылдан бери Кыргызстанда журналисттердин өмүрүнө кол салуунун 21 учуру катталган, бир нече басылмалар бийликтин жана ага жакын адамдардын кысымы менен жабылган, бир канча журналисттер башка мамлекеттерден саясий баш-паанек сурап, өлкөдөн чыгып кетишти. Бакыт Бешимов мындан эң ириде эле өлкөдө жана чет жактарда болуп жаткан окуялар жөнүндө туура жана так маалымат ала албаган эл жабыркап жаткандыгын баса белгиледи.(ZKo)

XS
SM
MD
LG