Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

«Ата мекен» партиясынын Жалал-Абаттагы саясий кеңеши Кыргызстан калкына кайрылды


Мындай маалыматты билдирген партиянын жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин ырасташынча «ата мекенчилердин» элге кайрылуусуна бийликке ишенбегендик себеп болду. Алар БЭКтин лидерлери А.Жекшенкуловдун камалып, И.Исаковдун үстүнөн башталган сот ишин, А.Бекназаров менен А.Эркебаевдин балдарына кылмыш иштерин ачууну саясий репрессия жана буюртма иш деп эсептешет. Буюртма болбосо аталган адамдар бийликти сындап, оппозицияда жүргөндө эмес, мамлекеттик кызматта иштеп турган маалында жоопкерчилигин суроо зарыл болчу. Ошондуктан оппозицияга жасалган куугунтук жана кысым көрсөтүү, коркутуп-үркүтүү, оозун жабуу аракеттерин токтотууну талап кылабыз, деп айтылат кайрылууда.(YA)

XS
SM
MD
LG