Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:06

Аликбек Жекшенкуловдун соту баштала элек


Ушул тапта А. Жекшенкулов жана анын адвокаты соттун башталышын күтүп атышат. Биринчи Май райондук сотунун алдында А. Жекшенкуловдун бошотулушун талап кылып, анын 100гө чукул тарапкери турат. Адвокат Нина Зоотованын журналисттерге маалымдаганы боюнча соттук териштирүүнүн башталышы судьянын бош эместигинен улам кечиктирилүүдө.
“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов 9-март күнү саат 15:00те түрк ишкери Сервет Четинди өлтүрүүгө катышы бар, деген шек менен камакка алынган. Мыйзам боюнча 48 саат ичинде ага айып тагылууга тийиш. ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы А. Жекшенкуловго “Киши өлтүрүүгө катышы бар” жана “Өз куралын башка бирөөгө пайдаланууга мыйзамсыз берген” деген айып такты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG