Мындай пикирин бүгүн Германиянын тышкы саясат кызматынын жетекчиси Ф. Щтанцель КР тышкы иштер министри Кубанычбек Сарбаев менен болгон жолугушууда билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстан ушул багытынан жазбашына ишеничин билдирип, бүгүнкү күндүн талуу маселеси болуп жаткан Ооганстанда абалды оңдоого, экономикасын көтөрүүгө чогуу күч жумшоо зарылдыгын белгиледи. Тышкы иштер министри К. Сарбаев КР президенти Курманбек Бакиев Ооганстан боюнча жыйындарды Кыргызстанда өткөрүү сунушун бергенин белгилеп, мындай жыйындар Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн тиешелүү маселелерди чечүүгө жакшы шарт түзмөктүгүн айтты.
Саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин “Азаттыкка” билдирген пикири боюнча президенттин сунушу сөз жүзүндө ылайыктуу көрүнгөнү менен иш жүзүндө Кыргызстандын колунан келбейт. Анткени мындай масштабдагы жыйындарды өткөрүү үчүн өлкөнүн салмагы болушу керек. “Эгер мурдагы “Манас” аба базасы өлкөдө жайгашып турган учурда ушундай демилге көтөрсө, АКШ баштаган антитеррордук коалицияга мүчө өлкөлөр колдомок. Эми минтип базаны чыксын, деп чечим кабыл алып коюп, анан кайра мындай сунуш кылып жатканда аны алыскы чет өлкөлөр эмес, жакынкы коңшуларыбыз да колдоого алба йт,” дейт саясат талдоочу Орозбек Молдалиев.(ZKo)