Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Ооганстан боюнча эл аралык конференция Нидерландияда болот


Бир күндүк жыйын 31-мартта Гаага шарында өтөөрү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Нидерландиянын өкмөтү билдирди. Конференцияга БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун төрагалык кылары күтүлүүдө. Мындай сунушту өткөн аптада Европада болгон учурунда АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон жасаган эле.

Конференцияга эл аралык донор уюмдар,НАТОнун өкүлдөрү, аскерлери Ооганстандагы эл аралык коалициянын курамына кирген өлкөлөрдөн тышкары Пакистан да катышат. Жыйынга ошондой эле Ирандын өкүлдөрү да чакыртылды.

XS
SM
MD
LG