Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:51

Качкында жүргөн казакстандык банкир коюлган айыптарды четке какты


Оппозициянын мурдагы лидери жана банкир Мухтар Аблязов Казакстандын укук коргоо органдары ага коюп жаткан айыптардын "саясий жүйөөсү" бар деп эсептейт. Мухтар Аблязов учурда өлкөдөн чыгып кеткен. Өткөн айда казак өкмөтү аны БТА банктын жетекчилигинен четтеткен эле. Ал эми Казакстандын прокуратурасы ушул аптада аны арам акчаны адалдаганы жана көз бойомочулукка барганы үчүн айыптады.

Кезинде Казакстандын Демократиялык тандоосу деген оппозициялык кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Мухтар Аблязов 2002-жылы түрмөгө түшкөн эле. Бирок саясатка аралашпоону убада кылган соң, 2003-жылы абактан чыгарылган.
XS
SM
MD
LG