Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Оппозиция бийлик менен сүйлөшүүнү токтотуу чечимине келди


Бириккен Элдик Кыймылдын Саясий бюросу 11-марттагы жыйынында бийлик менен сүйлөшүүнү токтотуу жана 27-мартта жалпы республика боюнча нааразылык акцияларын баштоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди. Сүйлөшүүнү токтотуу чечими саясий куугунтукту токтотуу талабына карабай Аликбек Жекшенкуловдун камакка алынышы, сүйлөшүүлөрдөн эч кандай натыйжа чыкпашы айкын болушу жана анда бийлик убакытты созууну гана көздөп жатуусуна байланыштуу кабыл алынды. Бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы жума күнгө белгиленген эле.(AiT)

XS
SM
MD
LG