Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:44

Жогорку Кеңеш койдун жүнүн экспорттоого бажы төлөмүн алып салууга макулдугун берди


КР өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Илияс Давыдовдун парламентте билдиргени боюнча Кыргызстандан сыртка сатылуучу койдун 5105 жана 5106 үлгүсүндөгү жүнүн экспорттоого 1 килограммына 0,6 АКШ долларынан бажы төлөмүн төлөө өткөн жылдын август айынан тартып киргизилген. Бирок бул ишке киргизилген соң, жүндүн сыртка экспорттолушу көрүнүктүү өлчөмдө азайган. Алсак, өткөн жылдын башынан июль айына чейин 994,6 тонна жүн экспорттолсо, августтан тартып декабрга чейин болгону 134 тонна жүн сатылган. Давыдовдун белгилөөсү боюнча жүнгө экспорттук бажы төлөмүн алып салуу каржылык кризис учурунда кыргызстандык ишкерлерге жана чабандарга көрсөтүлгөн колдоо боло алат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG