Расмий түрдө жумушсуз катары катталган адамдардын саны Кыргызстанда 67, 8 миңге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет. Ага ылайык, жумушсуздук былтыркыга салыштырмалуу быйыл 5,7 пайызга төмөндөдү. Статком салыштыруу ирээтинде, былтыр жумушсуздук 3,3 пайызга гана төмөндөгөнүн эске салат. (EK)