“Оппозициянын мотору болгон адамдарды саясий оюндан чыгаруу аракети жүрүп жатат. Массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө чабуул күчөдү. Мунун баары өлкөдө саясий кризис күчөп бара жатканына кабар берет”, - дейт серепчи Кубан Абдымен. “Азаттык” үчүн Кыргызстандагы бүгүнкү саясий кырдаалга баа берген серепчинин жоромолунда, ушул жазда аймактардагы нааразычылык жаңы деңгээлге көтөрүлөт. Оппозициянын бийлик менен сүйлөшүүдөн баш тартышы жалпы саясий абалды чыңалтышы мүмкүн. БЭК мурдараак бийлик менен сүйлөшүүгө барбастыгы жана 27-мартта бүткүл республика боюнча саясий нааразылык акцияларын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. (EK)