БЭКтин райондогу түйүнү менен Аксы окуясында жабырлануучулар эскерүү митингин Кара-Жыгач айылында өткөрүүнү чечти. Мындай маалымат бүгүн БЭКтин Аксыдагы штаб башчысы Кадыралы Жорокуловдон алынды. Анда 2002-жылкы болгон кан төгүүгө күнөөлүүлөрдүн соттолушу, жабырлануучулардын талабынын аткарылышы жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал талкууга алынат. Бийликке айыпкерлерди таап, аларды кайра соттоо талабы коюлат. Элдин турмушу күндөн-күнгө начарлап, жумушсуздар көбөйдү. Экономикалык кризистин айынан мал соодасы жүрбөй калды, деп белгилейт Кадыралы Жорокулов. Анын билдиргени боюнча, райондук бийлик митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Жергиликтүү бийлик каза болгондордун үйлөрүнө барып, алардын арбагына куран окутуп, жабыр тарткандар менен сүйлөшүүнү көздөөдө.
Кара-Жыгачта митинг өткөрүү тууралуу маалымдама 6-мартта райондук акимчиликке тапшырылган. Райондун башчысы Аскербек Алиев митинг уюштуруучулар маалымдаманы кеч тапшырышкан, деп билдирүүдө.(YA)
Кара-Жыгачта митинг өткөрүү тууралуу маалымдама 6-мартта райондук акимчиликке тапшырылган. Райондун башчысы Аскербек Алиев митинг уюштуруучулар маалымдаманы кеч тапшырышкан, деп билдирүүдө.(YA)