Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Баткен шаарынын калкы эки күндөн бери таза суусуз калды


Ага Баткен шаардык таза суу ишканасы электр энергиясы үчүн 4 млн. сом карыз болушу себеп болгонун бүгүн “Азаттыкка” Баткен таза суу башкармалыгынын башчысы Калык Орозов билдирди.
Анын айтымында, таза суу ишканасынын 20 жылдан берки карызы 4 млн. сомдон ашып кеткен. Электр тармактар башкармалыгы бул карызын өндүрүү үчүн электр энергиясын өчүрүп салышкандыктан элге ичүүчү суу бере албай турушат. Эки ишкананын аласа-береселери боюнча маселе өткөн айда сотто каралып, 4 млн. сом мурдагы карызды жоюлсун деп чечим чыкканына карабай электр энергиясы өчүрүлгөн. Таза суу ишканасынын башчысы жакынкы убакытта маселе чечилип, элге суу бериле баштаарын кошумчалады.(JsA)

XS
SM
MD
LG