Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Судандын Дарфур аймагында эл аралык уюмдун өкүлдөрү уурдалды


“Чегарасыз дарыгерлер” кайрымдуулук уюму билдиргендей, алардын Судандагы беш кызматкерин белгисиз адамдар уурдап кетишти. Уюмдун Белгиядагы өкүлчүлүгү билдиргендей, уурдалгандардын үчөө - чет элдиктер, экөө жергиликтүү кызматкерлер болушкан. Эл аралык кылмыш соту Судандын президенти Омар ал-Баширди согуш кылмыштарына тийешеси бар деген доо боюнча камакка алуу буйругун чыгаргандан кийин, Судан бийлиги өлкөдөгү эл аралык кайрымдуулук уюмдарынын Дарфурдан чыгып кетүүсүн талап кылган эле.

XS
SM
MD
LG