2008-жылдын 14-декабрында ирактык журналист Мунтазер аз-Зайиди иш сапар менен Багдадга келген АКШ президенти Жорж Бушту көздөй маалымат жыйын учурунда бут кийимин ыргытып, ага каршы кыйкырып, камакка алынган. Мындай жоругу үчүн Ирак соту аз-Зайидини 15 жылга чейин абакка отургузушу мүмкүн экени айтылган. Өткөн айда башталган сот иши - бийликтерден Буштун Багдадга болгон сапары чындап эле расмий болгонбу, же жокпу тактап берүүлөрү үчүн кийинкиге жылдырылган. Бүгүнкү сот жарайанында аз-Зайиди өзүнүн күнөөсүз экендигин, ал жөн гана АКШнын баскынчыл саясатына ушундай жол менен каршылык билдиргенин айтты. Багдад соту аны үч жылга абакка кести.
АКШнын мурдагы президенти Жорж Бушту бут кийим менен урган ирактык журналист үч жылга кесилди