Чехиянын ордо калаасы Прагада өткөн жыйында сүйлөгөн сөзүндө уюмдун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер “НАТОнун кеңейиши – Кансыз согуш доорунун аякташына далил” деп билдирди. Ошол эле күнү Венгриянын парламентинде сүйлөгөн сөзүндө НАТОнун жетекчиси Түндүк Атлантика альянсы “жаңы коркунучтарга жооп берүүгө жарамдуу жаңы стратегияга” муктаж деп белгиледи. Схеффер мырза сөз Ооганстандагы кырдаал, НАТОнун Орусия менен мамилелери, каракчылык жана отун-кубат коопсуздугу тууралуу болуп жатканын кошумчалады.