Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

Барак Обама Иранга каршы санкциялардын мөөнөтүн бир жылга узарты


Обама мындай чечимин “Иран бийлигинин саясаты дагы эле АКШга коркунуч жаратууда” деп түшүндүрдү. Чектөөлөргө ылайык, америкалык компанияларга Ирандын мунай өндүрүшүн өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө тыюу салынган жана америкалык ишкерлер Иран менен соода тармагында кызматташа албайт. Бул санкциялар алгач 1995-жылы президент Клинтондун өкмөтү тарабынан киргизилген. Обама өз сөзүндө расмий Тегеран менен түз сүйлөшүүлөргө даярдыгын белгиледи. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму да Тегеран өзөктүк программасын токтотуудан баш тартпаган соң, Иранга каршы бир катар чектөөлөрдү киргизген болчу.

XS
SM
MD
LG