Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Аликбек Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү арызы берилди


Арыз Бишкек шаардык сотуна 12-мартта жолдонду. Бул тууралуу Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова “Азаттыкка” билдирди. “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкуловго түрк ишкерин өлтүрүүгө тиешеси бар, куралды мыйзамсыз бирөөгө берген деген айыптар коюлуп, 11-мартта Биринчи май райондук соту аны 9-апрелге чейин камакка алууга санкция берген. Жекшенкулов учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармалып турат.Оппозиция бул ишти саясий куугунтук, репрессия катары баалап, бийлик менен сүйлөшүүнү токтотуу чечимин кабыл алды.(AiT)

XS
SM
MD
LG