Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Кызыл-Туулуктар жол тосууга барышы мүмкүн


Бул тууралуу "Азаттыкка" Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылынын тургуну Нурлан Кудайбергенов билдирди. Анын айтымында буга Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Сыматай Кырбаевдин кечээ Бишкек тергөө абагына камалышы себеп болду. Аны Каржы полициясы айыл өкмөтүнүн аймагынан бир гектар жерди кирпич заводун курууга мыйзамсыз берген деген кине менен 48 саатка камакка алган. Азыр айыл өкмөт имаратынын алдына чогулган эки жүздөн ашуун адам Кырбаевди абактан чыгаруу арызын Башкы прокурор, район акими, Каржы полициясына жолдоп, чечим кабыл алуусун күтүп турушат. Нурлан Кудайбергеновдун айтымында талап орунбалдабаса Сокулук районунун тургундарынын баарын нааразылык акциясына чыгууга үндөп, эртеңден тарта жол тосууга камданып жатышат.(BD)

XS
SM
MD
LG