Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Акыйкатчы парламентте жылдык баяндама жасады


Жогорку Кеңеш Акыйкатчы Турсунбек Акунга жылдык баяндамага жасоого беш гана мүнөт убакыт бергендиктен кыска баяндама жасап, анда негизинен адам укуктарын коргоо жаатында кетип жаткан кемчиликтерге токтолду. Анын ичинде парламент өткөн жылы кабыл алган "Жөө жүрүш, митинг, жыйындарды өткөрүү" жөнүндөгү мыйзам эл аралык талаптарга карама-каршы келээрин жана "Азаттык" үналгысынын уктурууларын чектөө жарандардын бейтарап маалымат алуу укугун чектөө деп билдирди. Депутат Ибрагим Жунусовдун Акыйкатчынын орун басары Каныбек Кошоковдун парламентте берген билдирүүсу боюнча берген суроосуна орун басарлыкка гендердин теңчиликти сактап, аялдан тандоо зарылдыгы бышып жетти деп жооп берди.(BD)

XS
SM
MD
LG