Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

ЖК жерди күрөөгө берүү боюнча өзгөртүүнү биринчи окууда жактырды


Парламент "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу", "Күрөө жөнүндө", "Банктар жана банк ишмердиги жөнүндөгү" мыйзамдарга жана Жер кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамдарды биринчи окууда кабыл алды. Парламент аларды экинчи окууда жактырса дыйкандар менчиктеги жерин бир жылга күрөөгө коюп, кредит алууга мүмкүнчүлүк алат. Жердин баасын болсо көз карандысыз баалоочулар тобу баалайт. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык делимитация жана демаркация боло элек чегара аймагындагы жерлер күрөөгө коюлбайт.(BD)

XS
SM
MD
LG