Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Э.Ибраимова:"Автокырсыктан каза болгондордун бири Слепченко болушу мүмкүн"


Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысына экс-вице-премьер министр Элмира Ибраимова билдирди.Анын айтымында Медет Садыркулов Эл аралык стратегиялык иликтөө институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко менен Казакстанда жүргөндүгүн жана түнү кайтып келээрин кечээ телефон менен сүйлөшкөндө билдирген. Ошон үчүн каза болгондордун бири Слепченко деген божомол бар. Медет Садыркулов түшкөн атомашина 13-мартта түнкү саат бештерде Бишкектин четинде эки автомашинанын кагылышынан кийин өрттөнүп кетти деген маалымат пайда болгон. Ички иштер министрлиги каза болгондор кимдер экендигин соттук-медициналык экспертиза аныктагандан кийин гана маалымдаарын билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG