Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

Чүйдөгү кургак учук менен ооруган 66 бала дарыланууга жөнөтүлдү


Бул туурасында облустук администрациянын басма-сөз кызматы маалымат таратты. Маалыматка ылайык 20- февралдан 24-мартка чейин «Кургак учук- 3» Улуттук программанын негизинде бир айлык жарыяланган. Бир айлыктын алкагында Чүйдүн беш районундагы кургак учукка чалдыккан 66 бала Чолпон- Атадагы калыбына келтирүү борборунда толук дарылануудан өтүшүүдө. Ооруга чалдыккан балдардын көпчүлүгү аз камсыз болгон үй- бүлөөнүн балдары жана жетимдер. 20- мартта Чүй облусундагы Лебединовка айылында «Кургак учукту токтот» деп аталган ураандын негизинде атайын иш чара өтөт. Иш чарага студенттер жана мектеп окуучулары катышмакчы. Анда кургак учукту алдын алууга байланышкан бир катар маалыматтар таратылып, бекер текшерүү жүргүзүлөт. (JJ)

XS
SM
MD
LG