Линктер

дүйшөмбү, 29-май, 2017 Бишкек убактысы 10:10

Пакистан: оппозиция өкмөткө каршы демонстрациясын улантканы жатат


Пакистанда оппозиция менен адвокаттар полициянын күч колдонушуна карабай өкмөткө каршы демонстрациясын улантканы жатат. Бир нече күнгө созулган нааразылык жүрүшү дүйшөмбү, 16-мартта борбор шаар Исламабадда аяктамак. Бийлик өлкөнү дестабилдештирүүгө жол бербейбиз деп, бир нече активистти камакка алып, жолдорду тороп салды. Америкалык дипломаттар өкмөттү жана оппозицияны зомбулукту алдын алууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG