Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

"Алай коому" И.Исаковду коргоого даяр


Бишкекте иш жүргүзгөн "Алай коому" кечээ жыйын куруп, Кыргызстандын мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковду саясий куугунтуктоо токтотулсун, эгер анын өмүрүнө коркунуч келе турган болсо ага бийлик күнөөлүү болот деген чечим кабыл алды. Мындай маалыматты "Азаттыкка" коомдун жетекчилиги билдирди. Маалыматка караганда, коомдун мындай чечими эми президент Курманбек Бакиевге тапшырылат. Экс-коопсуздук кеңеш катчысы Исмаил Исаковго ачылган кылмыш ишин 16-мартта Бишкек гарнизондук аскер соту карайт. Башкы прокуратура ага министр кезинде аскердик майрамдарды уюштуруп, ага мамлекеттик каражатты короткон жана Балыкчыдагы аскер бөлүгүндө кызматтык машиналардын жоголушуна жол берген деген кине койгон.(BD)

XS
SM
MD
LG