Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Расмий Исламабад оппозицияны саясий кризистен чыгуу максатында сүйлөшүүлөргө чакырууда


Пакистандын президентинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, бийлик оппозициядагы партияларды өлкөдөгү саясий кризисти токтотуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча ынтымакка чакырууда. Соңку саясий кризис президент Асиф Али Зардаринин мурдагы президент Первез Мушарраф 2007-жылы мыйзамсыз кызматтан алган сотторду кайра ордуна коюу тууралуу оппозициянын талабын аткарбай койгонунан улам келип чыккан. Бейшембиде жер-жерлерде башталган массалык нааразылык чаралар улантылып, алдыдагы дүйшөмбүдө Исламабадда чоң митинг өткөрүлмөкчү. Бийликтер болсо ушул күндөрү ири жыйындарга жана жүрүштөргө тыюу салып, миңден ашуун оппозиция өкүлдөрүн камакка алды.

XS
SM
MD
LG