Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Иранда адам өлтүрдү жана зордуктады деп айыпталган төрт киши дарга асылды


Маалыматтарга караганда, Ирандын түштүгүндөгү Шираз шаарындагы түрмөдө киши өлтүрдү жана зордуктады деген айып менен соттолгон төрт адам дарга асылганы кабардалды. “Этемад” гезити тараткан маалыматка караганда, айыпталгандардын бирөө мындан 27 жыл мурда өз бөлөсүн өлтүргөн деген айып менен соттолгон. “Amnesty International” уюмунун маалыматына караганда, 2007-жылы эле Иран 335 адамды дарга асып, өлүм жазасын колдонгон Кытайдан кийинки эле мамлекет болуп калган. Ал эми ушул эле жылдын башынан тарта өлкөдө 65 киши өлүм жазасына буйрулган. Иранда мындай эң катаал жаза киши өлтүрүү, зордуктоо, куралчан талап-тоноо жана маң заттарын сатуу кылмыштарына карата колдонулат.

XS
SM
MD
LG