Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

С. Жайчибеков: Мамлекет Аксы окуясын териштирүүгө кызыкдар эмес


Бул тууралуу “Азаттыкка” Аксы окуясынын жабырлануучуларынын адвокаты Сартбай Жайчибеков билдирди. Мунун себебин адвокат бийликте отурган айрым аткаминерлердин бул окуяга кандайдыр бир тиешеси бардыгы менен байланыштырууда. “Учурунда бул окуяны иликтөө боюнча Дооронбек Садырбаевдин атайын комиссиясынын чыгарган жыйынтыгына бийлик төбөлдөрү тийиштүү көңүл бурбай койгон. Бүгүнкү күнгө чейин Аксы окуясы боюнча эч ким жоопко тартылган жок”, - дейт адвокат. Сартбай Жайчибеков жети жылдан бери Аксыда жабырлангандардын таламын коргоп келет. (ES)

XS
SM
MD
LG