Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

АКШ администрациясы орусиялык генералдын айткандарын комментарийлөөдөн баш тартты


Орусиянын бомба таштооочу стратегиялык учактары АКШга коңшу Куба менен Венесуэланын аймагындагы базаларды колдоно алуусу мүмкүн экендиги тууралуу өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнүн жетекчилеринин бири, алыскы авиация боюнча штабдын башчысы, генерал Анатолий Жихарев билдирген эле. Анын айтымында, Орусиянын бомба таштоочу стратегиялык учактары үчүн Венесуэла утурумдук база катары Ля Орчила аралындагы аскерий аэродромду сунуш кылган. Ал ошондой эле "Интерфакс" агенттигинин кабарчысы менен маегинде орусиялык учактарды Кубада да убактысынча жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалаган.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин маалымат катчысы Майк Хаммер бул билдирүүгө Вашингтон "гипотетикалык коркунучту" баалабайт деген жообун узатты.

XS
SM
MD
LG