Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

Пакистан оппозициясынын лидери аны үй камагына алуу чечимине баш ийбеди


Лахор шаарындагы үйүнүн сыртында чогулган жактоочуларына кайрылган оппозиция лидери, мурдагы премьер- министр Навази Шариф полициянын аракетин мыйзамсыз, ыймансыз жана Конституцияга каршы келген чара катары баалады.

Учурда Пакистан оппозициясы өкмөткө каршы нааразылык акциясын өлкө боюнча уюштурууда жана аны эртең Исламабадда, парламент имараты алдында аяктаган жатат.

Навази Шариф жактоочуларын Исламабадды көздөй жүршкө кошулууга чакырып, өкмөт адамдарды токтото албоосун белгиледи.

Демонстранттар азыркы өкмөт көз карандысыз сот системасын орнотуу жөнүндөгү убадасын орундоосун жана Жогорку соттун мурдагы төрагасы Ифтикар Чаудринин кызматка кайра коюлуусун талап кылышууда. Ал иштен 2007-жылы мурдагы президент Первез Мушараф тарабынан четтетилген.

Оппозиция лидери Навази Шариф азыркы нааразылык акцияларын Жогорку соттун азыркы курамы өткөн айда ага карата чыгарган чечимден кийин колдоодо. Жогорку Сот Навази Шарифти жана анын бир тууганынын шайланма кызматтарды ээлөөсүнө тыюу салган болчу. Шариф бул чечимдин артында турганы үчүн президент Асиф Али Зардаринин өкмөтүн айыптаган.


XS
SM
MD
LG